Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу туулган күнүндө лейкоз менен ооруган наристеге акча берди — сүрөт

Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу туулган күнүндө лейкоз менен ооруган наристеге акча берди — сүрөт

Кечээ, 29-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмирхан Кыдыршаев 17 жашын белгиледи. Туулган күнүндө ал лейкоз менен ооруган кичинекей Ратмир Карпунинди дарылоо үчүн акча которду.

Эмирхан Инстаграмдагы тарыхчасында Ратмирдин дарылануусуна каражат чогултууга чакырып, 233 евро (азыркы курс боюнча 20 000 сом) өлчөмүндө акча которулганын тастыктаган документти да жарыялаган.

«Бүгүн менин туулган күнүм жана ушул ыйык Рамазан айында мен кичинекей Ратмирчикке жардам бергим келет, Кудай Таалам анын сакайып кетүү жолун жеңилдетсин», — деп жазган ал.

Жооп катары Ратмирдин аккаунтунда  Эмирханды куттуктаган тарыхча жарыяланган.

Белгилей кетсек, Ратмир Карпуниндин диагнозу лимфобластикалык лейкоз. Анын дарылануусуна 30 миң 500 доллар керектелет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>