КР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлатКазакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголдуКыргызстанда монополисттерди инженердик тармактарга кошуудан баш тартууну негиздөөгө милдеттендирүү сунушталуудаMoody’s Кыргызстанды кредиттик рейтингин B2ге чейин жогорулатты
Ош: Милициянын тергөөчүсү коркутуп акча алып жатканда кармалды (ВИДЕО)
30.04.2022 | 15:02
Кара-Суу райондук милициянын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук милициянын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты К.М.К кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган.
29-апрель күнү көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сом бөлүгүн алуу учурунда тергөөчү К.М.К кармалып, азыркы учурда УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар