Ысык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекиттиАйдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалдыАла-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт9-ноябрдан тарта Бишкекте №23 автобус каттамы экиге бөлүндүЫсык-Көлдүн жээгинде чатырда от жаккан жаранга чара көрүлдү
Ташиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилди
01.09.2022 | 10:44
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом