Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Канча ишкер салыктан бошотулганы жатат? Жооп
13.12.2021 | 12:51
Кыргызстан боюнча 90 миң ишкер салыктан бошотулат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Арзыбек Кожошев парламенттин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жылдык кирешеси 8 млн. сомго жетпеген 90 ишкерди толугу менен салыктан бошотуп, кассалык аппартка өткөрүүнү пландоодо. Бул салыктан бошотуу менен бюджетке 3 млрд сом жылына түшпөй калууда. Мындай аракет менен көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууну көздөп жатышат.
Президент Садыр Жапаров өткөндө жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген ишкерлерди толугу менен салыктан бошоткон жарлыкка кол койгон. Эми бул жарлыкты ишке аткаруу үчүн Министрлер кабинети мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда. Жакынкы күндөрү парламенттин кароосуна алып келээрин билдиришүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика