Бишкекте 8-10-декабрда жолдор маал-маалы менен жабылат — тизмеси

Бишкекте 8-10-декабрда жолдор маал-маалы менен жабылат — тизмеси

Эртең, 8-декарбдан тарта 10-декабрга чейин Бишкек шаарында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чаралар Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин өтүшүнө байланыштуу көрүлүүдө. Кортеждер өтүп жатканда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат:

— «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси – Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери – Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;
— Д.Садырбаев көчөсү – Мамлекеттик резиденциядан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

«Жарандарды иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды «Манас» аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>