Кара-Балта: Мэриянын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Кара-Балта: Мэриянын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган.

Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2000 АКШ доллар талап кылган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир күн мурда Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты.

Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген.

Кармалган жаран К.Т. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө. Соттун чечими менен кармалган жаран 2 айга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>