Лейлекте эки ата-энеге айып салынды

Лейлекте эки ата-энеге айып салынды

Лейлек районунда “Антирэкет” иш-чарасынын жыйынтыгында 2 ата-энеге айып пул салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун аймагында 24-26-октябрь күндөрү “Антирэкет” иш-чарасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу каралды.

Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде жыйналыштарды өткөрүп, ата-энелерге үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал эми мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук, мектеп рэкетин болтурбоо, тыюу салынган нерселерден алыс болууга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын укук бузуулар кодексинин 74-беренесинин негизинде түнү өз алдынча максатсыз көчөдө жүргөн балдар аныкталып, 2 ата-энеге айып пул салынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>