Кара-Балтада сойкулар иштеген сауналар ишин улантууда — видео

Кара-Балтада сойкулар иштеген сауналар ишин улантууда — видео

Социалдык тармактарда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында сауналар интимдик кызмат көрсөтүүнү улантып жаткандыгы тууралуу видео тарады.

Видеодо саунага эки жигит келген, администратор аларга телефондорун кире бериште тапшыруу керектигин айткан. Ошондон кийин аларга кызмат көрсөтө турган кыздар менен тааныштырган.

Буга чейин Кара-Балта шаарында жаш жигиттер президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго видео кайрылуу жасашкан.

Өздөрүн Кара-Балта шаарынын жаштарыбыз деп тааныштырган катышуучулар шаарда 3-4 сауна бар экенин, аларда интимдик кызмат көрсөтүлөрүн айтышкан.

Аларга Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундарынын иштеп жаткан сауналарын жабуу фактысы боюнча видеокайрылууга жооп кайтарган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү иштери башталып, бул факты Чүй облусунун ИИБнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдиришкен.

“Кыздар интимдик кызмат көрсөтүүдө”. Кара-Балтада тургундар сауналарды жаптырууда — видео

Кийин Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканаларды аныктоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда жогоруда аталган сауналар жабык экенин маалымдашкан.

Кара-Балтадагы сойкулар иштейт делген сауналар жабылды — сүрөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>