Кара-Буура районунда жоголуп кеткен 10 жана 13 жаштагы бир туугандар табылды

Кара-Буура районунда жоголуп кеткен 10 жана 13 жаштагы бир туугандар табылды

Кара-Буура районун Чолпонбай айылынан жоголгон 13 жана 10 жаштагы бир туугандар кечээ, 13-ноябрда табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Өспүрүмдөр 11-ноябрда дайынсыз жок болгон.

«12-ноябрда Чолпонбай айылынын 1986-жылы туулган тургуну милиция арыз менен кайрылып, 2 баласы 1 суткадан бери дайынсыз экендигин билдирген. Окуяны териштирүү максатында ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүү учурунда балдар торпок жайганы кетип кайра үйгө кайтып келбегендиги такталды. Ата-энеси 1 сутка өздөрү издеп таппай, андан кийин гана милицияга кабар берген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттердин натыйжасында жоголгон балдар 13-ноябрь күнү Талас шаарынан табылып, саат 19:00 чамасында ата энесине аман-эсен тапшырылды», — деп жазылат маалыматта.

Балдар Талас шаарына чейин кантип келип калгандыгы такталды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>