«Кара хирург». Бейшеналиев депутат Коргонбай уулуну сотко берди

«Кара хирург». Бейшеналиев депутат Коргонбай уулуну сотко берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуну сотко берди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Министрдин депутатты сотко беришине Коргонбай уулунун 14-мартта парламенттин жыйынында Бейшеналиевге карата айткан сөздөрү себеп болгон. Ал Ленин райондук сотуна кадыр-баркын, ар-намысын, ишкердик беделин коргоо үчүн Ленин райондук сотуна кайрылган.

Абакировдун айтымында, министр Бейшеналиев ММК тарабынан мамлекеттик кызмат адамдарына кесиптик милдеттерине байланыштуу айтылган сындарга түшүнүү менен мамиле кылат. Себеби андай сын кызмат адамдарынын өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруусу үчүн зарыл. Ошол эле учурда иштиктүү сын менен кайсы бир адамдын кадыр-баркын түшүрүп, анын атына көлөкө түшүрүү максатында айтылган каралоону айырмалоо керек.

Жактоочу билдиргендей, Бейшеналиев сот аркылуу депутатты анын кадыр-баркына, ар-намысына доо кетирген сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирүүнү көздөөдө. Ошондой эле министр депутаттан материалдык жана моралдык зыян катары 10 миң сом өндүрүп алмакчы.

Эскерте кетсек, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди «кара хирург» деп атап, анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы болгонун айткан. Ал мындай адамдын министрлик кызматты ээлеп турганы «уят» экенин билдирген.

Кийинчерээк министрлик депутаттын сөзүнө жооп берип, Бейшеналиев Жусупбек Коргонбай уулунун таанышын оорукананын директорлугуна дайындабай койгонун, мындан улам анын сыны ушул маселеге байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Министрлик Бейшеналиевди «Черный хирург» деген депутатка жооп берди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>