Москвадагы теракт. Белек Каныбеков дагы «Крокуста» кишилерди куткарууга жардамдашкан

Москвадагы теракт. Белек Каныбеков дагы «Крокуста» кишилерди куткарууга жардамдашкан

“Крокус Сити Холл” концерттик залындагы адамдарды куткарган 15 жаштагы Ислам Халилов жана Артем Донский менен бирге дагы бир нече жаш улан-кыздар болушкан.

Алардын катарында 17 жаштагы Белек Каныбеков дагы бар болчу. Ал учурда Москва облусунун Красногорск шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Белектин учурдагы абалы жана окуянын чоо-жайын Reporter.kg’ге апасы Айгүл Шамшидинова айтып берди.

— Белек кайсы жерде окуйт жана канча убакыттан бери “Крокус Сити Холлдо” иштейт?

— Балам өзү коллежде бизнес жаатында билим алып жатат. Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарында төрөлүп, 2-класска чейин ал жакта мектепке барды. Андан кийин Москва шаарында окуусун улантты.

Аталган концерттик залга жумушка орношконуна бир жыл болсо керек. Негизи сырткы кийимди илүүчү жеринде көбүнчө окуучулар, студенттер иштешет. Белек Ислам Халилов менен көптөн бери тааныш. Ошол каргашалуу күнү экөөнөн сырткары дагы бир кыргыз кыз дагы ишке чыккан экен. Ал жерде өзү 200дөй адам иштейт.

— Жаш болсо дагы балдар өзүн жоготпой адамдарга жол көрсөтүптүр…

— Ооба, негизи кызматтык чыгып кетүү жолдорун билишет экен.

“Болгону ошол жактарга адамдарды багыттадык. Өзүбүз дагы элдердин артынан чыгып кеттик”, — дейт Белек.

Имарат чоң болгондуктан чыга турган эшиктер дагы көп, ал жердеги балдардын ар бири өз алдынча жол көрсөтүп, кишилерди куткарганга аракет кылыптыр.

— Белектин учурдагы абалы кандай? Жаракат алды беле?

— Жок жаракат алган эмес. Үйгө келгенден кийин уктай алган жок. “Мага тийбегиле, жолобогула” деп ачылуу болуп, ыйлап жатты. Ок атылып, элдер ызы-чуу түшкөндө коркуп калган окшойт деп молдого окутууга камданып жатканбыз. Анан эле концерттик залда болгондор психологдордун жардамына кайрылгыла деген билдирүүнү окуп калып, ооруканага алып бардык. Ал жерде дароо ар кандай анализ алышып, текшерүүдөн өткөрүп, жаткырды.

Балам 2 күн ал жакта уктабай, бир жерде олтура албай кыйналды. Кечээтен бери гана тынчтанып, өзүнө келип калды.

— Белекке көңүл бөлүп, анын жардамын баалагандар барбы?

— Кечээ Красногорск шаарынын башчысы Дмитрий Волков келип ыраазычылыгын билдирип, белектерин тапшырып кетти. Окууну бүткөндө жумуш жагынан колдоо көрсөтөрүн айтты. Крокустагы жетекчиси дагы чалып абалын сурап турат. Кыргыз диаспорасынан Улан Кошматов келип, Белекке калпак кийгизип, көңүлүн көтөрүп кетти.

Эң башкысы — балам аман.

— Концерттик залга кол салуу боюнча качан билдиңиз?

— Мага жолдошум чалып айтты. Анүстүнө ал имараттын арт жагындагы “Вегас” деп аталган соода түйүндө 15 жаштагы кызым иштейт болчу.

Балама чалсам, ал Крокустан чыккан экен.“Апа коркпоңуз, карындашым жанымда”, — деди.

Ал жерге жакын жашаган туугандарыбыздын үйүнө барыптыр. Жолдошум барып балдарды үйгө алып келди.

Кызым алгач не болгонун түшүнбөптүр. Аларга тез имараттан чыгып кетүү керектиги гана айтылыптыр. Анан метрого карай басса, ал жак жабык экен. “Мосттон өтүп, Крокустун үстүндөгү түтүндү көрүп, коркуп кеттим”, -дейт ал.

— Орусияда жашагаңыздарга көп болдубу?

— 15 жыл болуп калды. Өзүм дүкөндө, жолдошум жеке компанияда иштейт. Балдарыбыз ушул жакта чоңоюп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>