Аскер кызматкери ооруканага түштү. Дарыгерлер эмне дейт?

Аскер кызматкери ооруканага түштү. Дарыгерлер эмне дейт?

Кара-Көл шаарында ооруканага түшкөн аскер кызматкери Адиль Молдоев дарыгерлердин көзөмөлүндө, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке тапшырмасы менен 13-декабрга караган түнү саат 03:10до Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталынан нейрохирург адиси Дөөлөс Муратов, анестезиолог-реаниматолог Расул Мирзараимов жана министрликтин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө келишти. Дарыгерлер бейтаптын абалын жеринен көрүп, учурда көзөмөлгө алууда.

ӨКМ алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоев кан басымы жогорулап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына 11-декабрда саат 18:30да түшкөн.

Кара-Көл шаардык ооруканасынын дарыгери Сүйүналы Ыманкуловдун айтымында, бейтапты Бишкек шаарындагы атайын ооруканага алып келүүгө жана жол жүрүүгө убактылуу болбойт. Анткени, анын абалы кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн. Азыркы учурда дарттын болжолдуу аныктамасы – мээдеги кан айлануунун курч мүнөздө начарлоосу жана кан басымынын жогорку көрсөткүчтө кармалышы.

Ошондой эле дартка так аныктама берүү үчүн инструменталдык изилдөө (МРТ, КТ) жана медициналык атайын адистердин корутундусун жасоо зарыл экендигин билдирген.

Мындан улам 12-декабрда ӨКМдин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте бейтап Адиль Молдоевдин абалын жеринде көрүү жана дартына так аныктама берүү үчүн адистештирилген дарыгерлер жерине жөнөп кетишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>