Баткендин тургуну 30 тонна жер семирткич менен кармалды

Баткендин тургуну 30 тонна жер семирткич менен кармалды

Баткенде 30 тонна минералдык жер семирткичти коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.

Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды. Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>