Кара-Кулжада аз камсыз 100 үй-бүлө өз бизнестерин башташат

Кара-Кулжада аз камсыз 100 үй-бүлө өз бизнестерин башташат

Кара-Кулжа районунда аз камсыз болгон 100гө чукул үй-бүлөгө 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сертификаттарды тапшырууга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты.

Белгилей кетсек, берилип жаткан жардамдын негизги максаты, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылүү үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү процессине ишкерлерди тартyуга багытталган.

Өткөн жылы дал ушундай акча каражаты 2800 үй-бүлөгө берилген. Бул жылга 10 000 үй-бүлөгө берүү пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>