Кара-Кулжада коронавируска шектелген адам менен байланышта болгондор обсервацияга алынды

Кара-Кулжада коронавируска шектелген адам менен байланышта болгондор обсервацияга алынды

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылында коронавируска шектелген  адам менен байланышта болгондор обсервацияга алынды. Бул тууралуу Ош облустук админстрациянын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Репортерго” билдирди.

“Азыр айрым басылмалар Кара-Кочкордо жерге берилген тургун Орусияда коронавирустан каза болгондугун жазып жатышат. Анын жүрөк оорусунан каза болгондугу тууралуу такстыктама маалымкаты бар. Аны коштоп келген эки адамдын биринин анализи коронавируска шектүү болуп чыккан. Аны менен байланышта болгон адамдар обсервацияга алынды, бирок алар сөөктү жерге берүүгө катышкан эмес, коштоп келгендер менен байлышта болгон. Мындан сырткары Соль-Илецк шаарынан келген жарандар үй карантининде кармалууда”,- деди Кадырбекова.

Ош облустук Ички иштер башкармалгынын маалыматына карганда, маркумдун сөөгү Орусиядан 17-майдан 18ине караган түнү келип, ошол күнү жерге берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>