Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Сокулукта жол тандабастын айдоочусу эки окуучу кызды сүзүп кетти – видео
19.02.2022 | 14:38
Сокулукта жол тандабастын айдоочусу эки окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Болот Ибрагимов Telegram баракчасына билдирди.
Маалыматта кыздар соккудан учуп кетип, кичи автобустун астында калганы айтылат.
Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады. Кырсык кечээ саат 7.20да Сокулуктун борборунда болгон. Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.
«Бир нече убакыттан кийин Сокулук РИИБнин жол кайгуул кызматкерлери айдоочуну кармашып, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө тобуна өткөрүп беришти. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди», – деп билдирди басма сөз кызматы.
Жабыркаган 14-15 жаштар чамасындагылар аймактык ооруканага жаткырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом