Кара-Сууда таанышын 12 млн сомго алдап кеткен эки жаран колго түштү

Кара-Сууда таанышын 12 млн сомго алдап кеткен эки жаран колго түштү

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 22-ноябрь күнү Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алдамчылык фактысы менен Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы Т.Т., жана Ноокат районунун тургуну 36 жаштагы З.Х., кармалышкан.

“Ушул жылдын 10-ноябрь күнү Кара-Суу районун 43 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 3-октябрга чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-жылы туулган Т.Т., анын ишенимине кирип, Казакстандан ар кандай товарларды алып келип берем деп, 12 000 000 ( он эки миллион) сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Учурда шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө, тергөө амалдары уланууда”¸- деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факты Ош ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>