Алтын казган компаниянын өкүлдөрү канча зыян келтиргени аныкталды

Алтын казган компаниянын өкүлдөрү канча зыян келтиргени аныкталды

Жалал-Абад облусунда алтын казган компаниянын мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды.

УКМКнын маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук УКМКнын башкы баркармалыгы тарабынан, Жалал-Абад облусунун экология жана техникалык көзөмөлү жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстар министрлигинин облустук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Такталгандай, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ушул жылдын 18-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>