Кара-Сууга таза суу чыгарууга казынадан 13,6 млн доллар бөлүндү

Кара-Сууга таза суу чыгарууга казынадан 13,6 млн доллар бөлүндү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 13,6 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин сайтына жарыяланды.

Суу тармагы “Таза суу” долбоорунун алкагында курулду.

Маалыматка ылайык, 8,5 чакырым жаңы суу түтүктөрү тартылган. Мындан тышкары, айылга жаңы суу топтомо жана 200 чарчы метр жерге эки суу сактагыч курулду. Аткарылган иштердин натыйжасында Мамкурулуш үч миңден ашык жаранды ичүүчү таза суу менен камсыз кылды.

Маалым болгондой, айыл тургундары көп жылдар бою ичүүчү суу үчүн каналдарды, арыктарды пайдаланып келишкен. Бул өзгөчө жаш балдар арасында түрдүү инфекциялык-жугуштуу ооруулардын жайылышына себеп болгон. Учурда суу көчөлөргө, короолорго орнотулган колонкалардан келип, айыл эли ичүүчү таза суу менен камсыз болду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>