Улуттук банк 19 тонна алтындын акчасы каякка жумшалганын айтты

Улуттук банк 19 тонна алтындын акчасы каякка жумшалганын айтты

Былтыр Улуттук банк 20,5 тонна алтын сатып алса, анын 19 тоннасы сатылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда парламенттин «Альянс» фракциясынын отурумунда Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди.

Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков Заир Чокоевден былтыр Улуттук банк 1 млрд доллардан ашык каражатка саткан 19 тонна алтын боюнча сурады.

«Ал 19 тонна чет өлкөдөн сатылган. Аны сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү 2021-жылы алмаштыруу курсун колдоо үчүн пайдаланылган. Жаңылбасам 760 млн доллар кеткен. 250 млн доллар тышкы карызды төлөөгө кеткен. Ал эми калган бир аз бөлүгү банкта турат, ал Улуттук банктын акчасы», — деди Чокоев.

Андан кийин Айдарбеков «ал 19 тонна алтын Улуттук банктын балансында турганбы?» деп сурады.

«Негизи былтыр 20,5 тонна алтын сатып алып, ал Швейцарияга которулган. Анын 19 тоннасы сатылды. Аны биз сатып алгандыктан, алтын Улуттук банктын баласында турган», — деп жооп берди.

Ошондой эле депутат Айдарбеков «Кумтөрдүн» балансында турган 19 тонна тууралуу суроо узатты.

«Бул тууралуу «Кумтөрдөн» сураш керек. Менде маалымат жок. Түшүндүрүп коеюн, Улуттук банк «Кумтөрдөн» түздөн-түз алтын сатып албайт. Биз «Кыргызалтындан» сатып алабыз», — деди Чокоев.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>