Кара-Суунун акимин ажы тойдо видеого тарткан журналистке кол салуу болду

Кара-Суунун акимин ажы тойдо видеого тарткан журналистке кол салуу болду

Кара-Суу районунун Папан аймагынын Кожокелең айылынын тургундары «ОшТВ» телеканалынын журналистти  менен операторун кармап, алардын видеону өчүрүүсүн талап кылышкан. Бул тууралуу маалыматтты телеканалдын өкүлү Роза Акматжан кызы «Турмуш» басылмасына ырастады.

Анын айтымында, алар 24-июнь күнү айылга башка темада материал жасоо үчүн барып, ажы той өтүп жаткан үйдүн жанында аким Темирболот Абыкеевдин унаасын көрүшкөн. Транспорт жолдун ортосуна токтотулуп, тыгынды пайда кылган. Журналисттер ажы тойдо акимдин өзүн дагы жолуктурган.

Район жетекчиси кеткенден кийин, бир нече киши журналист менен операторду кармап, алардан видеону өчүрүүнү талап кылышкан.

Журналист милицияга арыз менен кайрылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Reporter.kg’ге райондук милиция тергөөгө чейинки териштирүү баштаганын маалымдады.

«Ажы оңолсо, эл оңолот». Аалымдар кеңеши Меккеден келип той өткөрбөөгө чакырды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>