Каракалпакстандын аймагындагы өзгөчө абал режими жумшартылды

Каракалпакстандын аймагындагы өзгөчө абал режими жумшартылды

Өзбекстан президентинин жарлыгы менен киргизилген Каракалпакстандын аймагындагы өзгөчө абал режими жумшартылды.

«Каракалпакстан Республикасындагы абал турукташканын эске алуу менен аймактагы өзгөчө абал режими жумшартылып, коменданттык сааттын убактысы 21:00-07:00дөн 23:00-05:00гө чейин өзгөртүлдү», – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёев 2-июлда кол койгон жарлыкка тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ Олий Мажлистин кароосуна жөнөтүлдү.

Июлдун башында Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстан Конституциясындагы автоном республиканын макамын өзгөртүүгө каршы өткөн жапырт акциялар башаламандыктарга айланып, адамдар өлүп, көп киши жараат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 1-2-июль күндөрү 18 киши өлүп, 243ү жараат алган. Жарадар болгондордун арасында 38 укук коргоо кызматкери болгон. Нааразылык акциялардан кийин 516 киши камакка алынганы кабарланган.

Бул окуялардан соң Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал режими киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>