Каракол: Катуу сабалган Айзаттын күйөөсү 6 жылга кесилди

Каракол: Катуу сабалган Айзаттын күйөөсү 6 жылга кесилди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аялын ур-токмокко алгандыгы үчүн кармалган 29 жаштагы жаран 6 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди шаардык соттун судьясы Венера Туманова чыгарганын  укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 9-августта шаардык сотто үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Айзат Үсөнбаеванын иши каралды.

“Шаардык соттун судьясы Венера Туманова жабырлануучу Айзат Үсөнбаева менен майып уулуна зомбулук көрсөткөн күйөөсүн – Р.у.У.ну 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Айзат Үсөнбаева соттон анын коопсуздугун камсыз кылууну суранган. Бир нече жолу ур-токмокко алуу фактылары боюнча айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды”, — деп билдирди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Ал Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>