Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду. Себеби
09.08.2022 | 17:44
Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 – Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.
Буга чейин Ысык-Көл облусунда 20 гектар буудай, беде аянттарын сел суулары каптаганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом