Каракол мэриясында атайын техника сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол шаардык прокуратурасы шаардын мэриясында бюджеттик каражаттардын сарпталышын текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалитеттин муктаждыктары үчүн атайын техника сатып алууда мыйзам бузууларды аныктады.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров шаарга болгон жумушчу сапарында жаңы жол жана коммуналдык атайын техникалар менен таанышып жатканда, алынып келинген техниканын бир бөлүгү техникалык талаптарга жооп бербестиги тууралуу маалымат берилген. Ошондо мамлекет башчысы техникаларды жеткиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүүнү жана кабыл алынып жаткан продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырган.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мэрия үчүн 329 миллион 700 миң сомго 31 даана атайын техника сатылып алынган.
Ошол эле учурда, алынып келинген техниканын бир бөлүгү белгиленген нормаларга жана техникалык талаптарга жооп берген эмес.
Тактап айтканда, беш таштанды ташуучу, үч самосвал жана эки жол тазалоочу унаадан мыйзам бузуулар аныкталып, мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.