Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
D Billions Чолпон-Атадагы F1H2O дүйнө чемпионатында концерт берет
02.07.2026 | 09:55

«F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan Issyk-Kul 2026» дүйнө чемпионатынын маданий-көңүл ачуу программасынын алкагында 2-августта Чолпон-Ата шаарындагы башкы сахнада дүйнөгө таанымал D Billions балдар музыкалык долбоорунун концерти өтөт.
Кичинекей көрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин популярдуу ырлар, бийлер жана көңүл ачуучу программа менен коштолгон интерактивдүү шоу күтөт. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, концерт спорттук мелдештер менен балдар үчүн көңүл ачууларды бириктирип, чемпионаттын үй-бүлөлүк программасынын бир бөлүгү болуп калат.
Эскерте кетсек, чемпионат КР Суу-мотордук спорт федерациясы тарабынан мамлекеттик органдар жана Эл аралык суу-мотордук спорт биримдиги (UIM) менен биргеликте өткөрүлүүдө. Мелдешке суу-мотордук спорттун эң мыкты пилоттору, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген командалар катышат.
Уюштуруучулар белгилегендей, коноктор үчүн F1H2O сериясындагы ылдам жүрүүчү катерлердин жарышынан тышкары, масштабдуу маданий-көңүл ачуу программасы даярдалган. Келүүчүлөрдү концерттик чыгуулар, интерактивдүү аянтчалар, үй-бүлөлүк эс алуу аймактары жана башка иш-чаралар күтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом