Караколдо 14 партия апрелге белгиленген шайлоону жылдырууну суранды

Караколдо 14 партия апрелге белгиленген шайлоону жылдырууну суранды

Каракол шаарында 14 саясий партия 12-апрелге белгиленген шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясына кат жолдоду.

Бул тууралуу шаардык кеңештеги “Табылга” саясий партиясынын депутаты Азамат Айтбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазып,  «эми башка шаарлар дагы кайрылуу кылышы керек”, — деген  ал.

Буга чейин коронавирустан коргонуу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо мөөнөтүн жылдыра туруу сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева айтып чыккан. Бирок БШК шайлоо жылдырылбай турганын айтып, бул маселе дагы талкууланарын кошумчалаган.

18-мартта Кыргызстанда алгачкы учуру катталды. Ооруну жугузуп алган үч адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар  12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>