Каракол шаарында түтүнгө ууланган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Каралькова көчөсү №8. турак үйдүн ичинде төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетенинен 1937-жылы туулган Ф.В. аттуу эркек адамдын түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган.
Ал ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.