Караколдо үч адам 23 жаштагы жигитти сабап, тоноп кетишти

Караколдо үч адам 23 жаштагы жигитти сабап, тоноп кетишти

Каракол шаарында үч адам 23 жаштагы жигитти сабап, тоноп кетишкен. Алардын арасында аял киши да болгон. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июль күнү Каракол ШИИБге сабалган жигит келип, аны белгисиз жарандар тоноп кетишкенин билдирген. 23 жаштагы арыз ээсинин айтымында, ал саат 09:00 чамасында «Кумтөр» соода борборунун жанындагы сквер менен келе жаткан.

Ошол маалда белгисиз үч жаран кол салышып, баш тушка бир нече жолу уруп жиберишкен. Ээсин жоготуп жатып калганда, кол салгандар анын уюлдук телефонун, 600 сом өлчөмүндө акча каражатын жана кийип жүргөн кийимин тартып алышканын айтып берген.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206 (Тоноо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, шектүүлөрдү кармоого жетише алышты.

Алар Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын 30 жаштагы тургуну У.А., Каракол шаарынын тургундары 28 жаштагы аял Т.А. жана 31 жаштагы Б.М. болуп чыгышты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта үчөө тең күнөлөрүн моюндарына алышта жана алардан далил зат катары жабырлануучунун уюлдук телефону жана кийимдери алынды.

Шаардык соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүүлөр Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Каракол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>