“Ихсан”: Жалал-Абаддын тургундары бийлик өкүлдөрүнө арызданышты

“Ихсан”: Жалал-Абаддын тургундары бийлик өкүлдөрүнө арызданышты

Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын эли менен жолугушууда.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Жалал-Абад шаарынын тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 400дөн ашуун адам катышууда. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков да бар.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар жер, турак жай, “Ихсан” жана башка турак жай кооперативдеринин тегерегиндеги маселелерди айтып, аларга алданып калгандарын, бул ишти чечип берүүлөрүн суранышты.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш иштеринин убактыларын создуруп, айрым иштер каралбай калганына нааразы болгон жарандарда жардам сурап кайрылышты.

Шаар тургуну коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук жана укук бузуулар менен күрөшүү үчүн милиция кызматкерлеринин саны жетишсиз экени, ошого карабастан айлыгы аз болсо дагы кызматын өтөп жатышканын айтып, алардын айлык маянасын көтөрүп берүүнү суранып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууга, буга чейин бийлик өкүлдөрү менен облустун башка аймактарында өткөн жолугушууларга келе албай калган жарандар дагы катышып, өздөрүнүн маселелерин айтышып, чечип берүүнү суранышты. Ал эми, бийлик өкүлдөрү бардык суроолор дыкаат иликтенип, текшерилип мүмкүнчүлүктөргө жараша жарандардын берген суроолору менен  өтүнүчтөрү чечиле турганын убада беришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>