Караколду өнүктүрүү долбоорлору быйыл ишке аша баштайт. Ага канча каражат жумшалат?

Караколду өнүктүрүү долбоорлору быйыл ишке аша баштайт. Ага канча каражат жумшалат?

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин башчысына жалпы суммасы 885 млн сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Каракол шаарын өнүктүрүүнүн 3 багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго — муниципалдык базар, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген.  Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Каракол шаарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды аткаруунун натыйжасында жасалган өзгөрүүлөрдү жергиликтүү жашоочулар сезиши керек, ошондой эле туристтер үчүн да заманбап ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт.

Белгилей кетсек, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып,  иш-чарада мерчемделген жумуштарды максатка ылайыктуу ишке ашырууга бюджеттен 2 млрд сом каражат каралган. Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 млн сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 13-14-май күндөрү Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Облустун аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Каракол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>