Саламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты2ГИС: Кыргызстанда ат клубдарына болгон суроо-талап бир жылда 415% өстүУлуттук банк насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскарттыАптаптуу ысык +39°Cге чейин: 1-августка карата аба ырайыБорбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
Каркырадан кыргыз жаранын казактар кармап кетти
12.01.2022 | 14:32
Ысык-Көл облусунун тургуну Өмүрбек уулу Сыймыкты Казакстан тараптан мал кайтарып жүргөн жеринен кармап кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев билдирди.
Ал төрагага кайрылып, “Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда биздин бир жараныбызды мал кайтарып жүргөн жеринен Казакстандын чек ара кызматкерлери кармап кетиптир. Ошону Тышкы иштер министрлигине, элчиликке тапшырма берип, эмне себептен кармап кеткенин аныктап, туура чечим чыгарышсын”– деди.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов тапшыра берилээрин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар