Карылдап баштайт. Омикрон илдетинин алгачкы симптомдору

Карылдап баштайт. Омикрон илдетинин алгачкы симптомдору

Коронавирустун  омикрон штаммы менен ооруган бейтаптарда көбүнчө пайда болгон биринчи симптом — бул эч кандай себепсиз карылдаган үн. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси Султан Суранбаев билдирди.

Экинчи стадиясында ангина болуп, мурундун бүтүшү пайда болот. Көптөгөн бейтаптар белинин оорушун, дене боюу ооруксунушун, башы ооруп, тез эле чарчап калуусун айтып, даттанышат. Ошондой эле түн ичинде тердей беришет.

«Омикрондо адатта 38 градуска чейин дене табы көтөрүлөт. Бирок, ал узакка созулат. Omicron coronavirus штамы катуу респиратордук оорулардын классына кирет. Симптомдору 3-5 күндө эле пайда болот. Жалпысынан алганда, оору сасык тумоо сыяктуу өтөт. Бул оору иммунитети начар адамдар үчүн коркунучтуу. Рак, жүрөк өнөкөт оорусу, өпкө, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети жана башка оорулар менен ооругандар үчүн бул оору оор болушу мүмкүн», — деди Султан Суранбаев.

Ал кошумчалагандай, омикрон штамы башка коронавирустарга караганда жети эсе тезирээк жайылып жатат.

«Көптөгөн бейтаптарда оору жеңилирээк, бирок жаңы штаммдын коркунучу тез жугат.  Эгерде өтө тездик менен жайыла турган болсо, саламаттыкты сактоо системасы үлгүрбөй калышы мүмкүн. Бирок, саламаттыкты сактоо мекемелери оорунун көбөйүшүнө даярдык көрүүгө жетишти. Ноябрь-декабрь айларында көбөйөт деп күткөнбүз», — деп кошумчалады адис.

Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда ооруканада орундар жана дары-дармектер жетиштүү экенин айтууда. Бирок, өзгөчө өнөкөт ооруусу барларга, эмдөөдөн өтүү сунушталат. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык алдын алуу иш-чараларын унутпаш керек.  Беткап кийүү, антисептиктерди колдонуу жана колду жуу,  аралыкты сактоо өңдүү алтын эрежелерди сактоо зарыл.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда омикрон штамы аныкталганын расмий тастыктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>