Карызын алганы кетип, киши колдуу болгон Жанарбек. Айыпталуучуларга өкүм чыкты

Карызын алганы кетип, киши колдуу болгон Жанарбек. Айыпталуучуларга өкүм чыкты

Чүйдө дайынсыз жоголуп, киши колдуу болгон 33 жаштагы Жанарбек Кенжебек уулун өлтүрүүгө айыпталган 3 адамга өкүм чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган иш Сокулук райондук сотунда каралган. Сот 35 жаштагы Р.Ю.ну Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-2-бөлүгүнүн 10,12, 16-пункттары (адам өлтүрүү), анын иниси 30 жаштагы Р.Д.ны 41-122-берененин 1-2-бөлүгүнүн 10,12, 16-пункттары (адам өлтүрүү кылмышына катышуу) жана алардын өгөй атасы 58 жаштагы Д.А.ны 41-122-берененин 1-2-бөлүгүнүн 10,12, 16-пункттары (адам өлтүрүү кылмышына катышуу) боюнча күнөөлүү деп тапкан.

35 жаштагы Р.Ю. менен өгөй атасы 58 жаштагы Д.А. 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Р.Д. 12 жылга абакка кесилген.

Ошондой эле айыпталуулар жабырлануучу тарапка 1 млн 500 миң сомдук материалдык зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Эскерте кетсек, быйыл 22-июлда Жанарбек Кенжебек уулу үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул боюнча анын туугандары милицияга арыз менен кайрылган. Кийинчерээк анын унаасы айылдын четинен табылып, бул жагдай милицияда шек жараткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жанарбек Кенжебек уулу жоголгон күнү, андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги белгилүү болгон.

Андан кийин Жанарбек Кенжебек уулу киши колдуу болгону аныкталып, шектүү катары 35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д. жана 58 жаштагы Д.А. аттуу жарандар кармалган.

Милиция билдиргендей, шектүүлөр Жанарбек Кенжебек уулун өлтүрүп, сөөгүн айыл четиндеги таштандылардын арасына катып койгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк бул иш боюнча шектүү катары кармалгандар милиция тарабынан кыйноого кабылып, кылмышты мойнуна алганын билдирип чыгышкан. Ал эми облустук милиция шектүүлөрдүн кыйноолор болгону тууралуу сөздөрүн төгүндөп, алардын билдирүүсүн кылмыш жообунан качуу аракети деп баалаган.

Жанарбектин өлүмү: Шектүүлөр кыйноого кабылганын билдирди, милиция төгүндөөдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>