Каржы пирамидасын жарнама кылгандар жоопко тартылсын. Сунуш

Каржы пирамидасын жарнама кылгандар жоопко тартылсын. Сунуш

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи депутаттын айтымында, аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын бардык жарандарына жарнамадан финансылык пирамидага алып келүүчү жоопкерчиликти түзүү, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

“Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин, мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет”, – деди Шаирбек Ташиев.

Өз кезегинде депутат Карим Ханджеза мыйзам долбоору боюнча прокуратуранын пикирине кызыкты. Көзөмөл органынын өкүлү концепциясын колдоорун айтып, бирок бир катар өзгөртүүлөрдү экинчи окууга чейин киргизүү зарылчылыгы бар экенин кошумчалады.

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чындыгында эле каржы пирамидаларын жарнамалоого байланышкан нааразычылыктар көп экенин жүйө келтирип: “Таанымал инсандар жарнамалаган компанияга ишенип алып, алдангандар көп болууда. Андыктан тергөө амалдарын туура жүргүзүп, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлушу керек”, – деди.

Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлору тармактык комитет тарабынан жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>