«Касперский лабораториясынын» негиздөөчүсү Кумтөр кен жайына барды
«Касперский лабораториясынын» негиздөөчүсү Евгений Касперский Кумтөр кен жайына барып, өндүрүштүк объектилер жана заманбап технологиялар менен таанышты.
«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, конокко ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүштү модернизациялоо жана өнүктүрүү долбоорлору тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл санариптик технологияларды киргизүүгө, процесстерди автоматташтырууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулду.
Евгений Касперский Борбордук карьерде жана алтын ылгоочу фабрикада болуп, бийик тоолуу шарттардагы өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Тараптар өнөр жайды санариптештирүү, жаңы технологияларды киргизүү жана өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жыйынтыгында Евгений Касперский өндүрүштүк процесстердин уюштурулушуна жана ишке ашырылып жаткан долбоорлордун масштабына жогору баа берди.