“Катта-Талдык” өнөр жай комплексин түзүү боюнча келишимге кол коюлду

“Катта-Талдык” өнөр жай комплексин түзүү боюнча келишимге кол коюлду

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте жарыялаган «Катта-Талдык өнөр жай комплексин түзүү» МЖӨ долбоору боюнча ачык тендердин жыйынтыгы боюнча «Кыргыз олигархы» ЖЧК жеңүүчү деп табылып, келишим түзүлдү.

Ага ылайык, МЖӨ долбоору аркылуу жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү жана 100дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын аймагында өндүрүштүк комплексти түзүү жана уюштурууну максат кылды. Жаңы инфраструктуралык объект жергиликтүү калк үчүн керектүү товарлардын жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Келишимге ылайык, жеке компания өзүнүн финансылык каражаттарынын эсебинен төмөнкү иштерди аткарууга милдеттенет:

1. Узундугу 1700 метр ички жолдорду куруу, табигый шагыл-кум материалы менен камсыз кылуу, жайгаштыруу жана ныктоо;
2. Кире беришке көпүрө куруу;
3. Скважиналарды бургулоо, суу алуучу жана суу менен камсыздоо системасын куруу;
4. Сырткы жарыктандыруу системасын куруу жана орнотуу;
5. Өндүрүш комплексин энергия менен камсыздоону уюштуруу;
6. Жеңил конструкциялар курулмаларды, бастырмаларды, имараттарды орнотуу;
7. Өндүрүштүк комплекстин инфраструктурасынын техникалык абалына жараша МЖӨ Макулдашуусу мөөнөтүнүн ичинде 10 жылда бир жолудан кем эмес же зарылчылыкка жараша өндүрүштүк комплексти оң абалда кармоо үчүн оңдоо иштерин жүргүзүү;
8. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жергиликтүү жамаат үчүн 100дөн кем эмес жаңы жумушчу орундарын түзүү;
9. Таштандыларды, сууну керектөөнү жана саркынды сууларды агызууну азайтуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу.

Мындан тышкары, жеке өнөктөш тараптар макулдашкан график боюнча Мамлекеттик өнөккө жыл сайын МЖӨ төлөмүн камсыздайт.
Келишимдин мөөнөтү 29 жылга белгиленген.

Курулуш фазасында жеке инвестициянын көлөмү 15 000 000 сомду түздү.

Долбоор аяктагандан кийин жеке өнөк жер участогун мүлктүк комплексти сактоо менен Мамлекеттик өнөккө кайтарып берет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>