Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 1-сентябрда аяктайтМинистрлик: чет өлкөгө иштөөгө чыгып жаткан жарандар атайын даярдыктан өтүүгө милдеттүүНоокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгодуМанас шаарында 500 орундуу мектеп курулуп жататКөчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланатБишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылды
Катуу жаандан кийин Чолпон-Ата менен Чок-Талды суу каптады — ӨКМ кесепеттерин жоюуда
02.07.2026 | 11:57

КР ӨКМ (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) билдиргендей, 1-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунда жааган катуу нөшөрдүн кесепетинен Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районунун бир нече калктуу конуштарында суу каптоолор катталды.
Мекеменин маалыматы боюнча, саат 19:35 чамасында Чолпон-Ата шаарынын «Биджай» кичи районунда катуу жаандын айынан Арал-Сайдын нугунда суунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада «ТНК Бетон» заводунун аймагын жана ага жакын жайгашкан жатаканаларды суу каптаган.
Кесепеттерди жоюуга 7 даана инженердик техника тартылган. Саат 21:30га карата сууну негизги нукка бурууга жетишилген.
Мындан тышкары, саат 20:50 чамасында Талас көчөсүндөгү турак жайдын жер төлөсүнө суу кирген. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгышкан. Ошондой эле нөшөрдөн кийин короосун суу каптаган «Арча Макс» конок үйүнө суу кирүү коркунучу четтетилди.
Чок-Тал айылында дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жээк жемирилген. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эки экскаватор жөнөтүлдү.
Жеринде кырдаалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаев көзөмөлдөп жатат.