«Тескей Ысык-Көл». Инвестфорумда аймактын түштүгүн өнүктүрүү стратегиясы сунушталат

Уюштуруучулар билдиргендей, «Тескей Ысык-Көл» аймактык маданий-өнүктүрүү жана инвестициялык форуму 3-июлда Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы Nomad Camp эс алуу аймагында өтөт.
Форумду Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева демилгелегени такталды. Иш-чаранын алкагында Ысык-Көлдүн түштүк жээгин 2035–2040-жылдарга чейин өнүктүрүүнүн бирдиктүү көрүнүшүн аныктаган биринчи стратегиялык документ — «Тескей Ысык-Көл» өнүктүрүү концепциясы тааныштырылат.


Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык жана ата мекендик инвесторлорду, бизнес-коомчулукту, эксперттерди, коомдук уюмдарды, ошондой эле Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундарын бир аянтчага чогултат.
Концепция туризмди, инфраструктураны, курулушту, өнөр жайды, айыл чарбасын, санариптештирүүнү, экологияны жана адам капиталын өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле кылууну карайт. Анын максаты — жаратылыш жана маданий мурастарды сактоо менен аймакты туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап моделин түзүү.
Документ туруктуу өнүгүү, жергиликтүү жамааттарды колдоо, инновацияларды киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана «Тескей Ысык-Көл» эл аралык туристтик брендин калыптандыруу принциптерине негизделген. Экотуристтик, маданий-туристтик, спорттук-туристтик, агротуристтик кластерлерди, ошондой эле ден соолук жана узак жашоо кластерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Концепция ошондой эле аймактын инвестициялык картасын, инфраструктуралык долбоорлордун тизмесин, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин архитектуралык кодексин жана дизайн-кодун, стратегияны ишке ашырууну башкаруу тутумун, ошондой эле 2035–2040-жылдарга чейинки жол картасын өзүнө камтыйт.
Форумда бир катар пилоттук долбоорлор тааныштырылат. Алардын катарында Туристтер сейил багын, отургузулган бак-дарактардын QR-коддору бар санариптик картасын түзүүнү жана мобилдик тиркеме аркылуу алардын өсүшүнө көз салуу мүмкүнчүлүгүн караган «Бир турист — бир дарак» экологиялык демилгеси бар.
Мындан тышкары, экологиялык чыйырлары, панорамалык аянтчалары, визит-борбору, санариптик аудиогиддери жана туристтик агымдарды жөнгө салуу системасы бар заманбап туристтик мейкиндикти түзүүнү караган «Жомок» (Сказка) капчыгайын комплекстүү өнүктүрүү долбоорун сунуштоо пландалууда.
Дагы бир багыт катары IT-индустрияны өнүктүрүүгө, стартаптарды колдоого жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган «Тескей Ысык-Көл» жаштардын санариптик жана инновациялык кластеринин бет ачары өтөт.


Концепциянын бет ачарынан кийин аны эксперттик талкуулоо жүрөт. Форумдун жыйынтыгында аймакты өнүктүрүү стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун негизи боло турган сунуштар топтомун түзүү пландалууда.
Иш-чаранын программасы ошондой эле Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун инвестициялык потенциалынын бет ачарын, B2B жана G2B форматындагы жолугушууларды, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана элдик кол өнөрчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсүн, ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги негизги объектилер боюнча таанышуу сапарын камтыйт.
Форумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, инвесторлордун жана эксперттик коомчулуктун катышуусу күтүлүүдө.