Кыргызстандын ТИМ башчысы Түркиянын президенти менен жолугушту – эмнелер талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту, — деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешти жана эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Багыттардын кеңири чөйрөсү боюнча өнөктөштүктү андан ары тереңдетүүгө эки тараптуу кызыкдарлык ырасталды.
Маектештер БУУ, Түрк мамлекеттеринин уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргыз тарап Түркияга 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, алдыдагы милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.
Тараптар ошондой эле түрк дүйнөсүнүн алкагында кызматташтыкты чыңдоонун жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө жана буга чейин жетишилген келишимдерди ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.