Каза болгон чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө канча кенемте төлөнөт?

Каза болгон чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө канча кенемте төлөнөт?

Каза болгон чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү компенсация 1 миллион 800 миң сомдон 3 миллион сомго чейин болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда чек арачылар үчүн үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Алар Жаңы жылдын алдында пайдаланууга берилет.

—  бир балалуу үй-бүлөлөр — бир бөлмөлүү;

— эки балалуу — эки бөлмөлүү;

— үч же андан көп болсо — үч бөлмөлүү батир берилет.

«Президенттин буйругу менен ооруканалардагы чек арачыларга 200 миң сомдон, ал эми жеңил жаракат алгандарга 100 миң сомдон берилет», — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал чек арачылардын эң аз айлыгы 76 миң сом болгонун кошумчалады.

Чек ара: 40 аскер кызматкери каза тапты, дайынсыз болгондор бар

 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>