Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өтөт?

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өтөт?

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кезексиз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык Кыргызстанга кайсы жерлер өтүп жатканын айтты.

Ташиевдин айтымында, жалпы алганда Кыргызстанга 19 миң 699 гектар алынууда.

Кыргыстанга өтө турган жерлер:

Гавасай — 12 миң 872 га;

Көк-Серек — 1 миң 327 га;

Баястан — 212 га;

Үңкүр-Тоо — 35 га;

Кара-Белес — 25 га;

Ак-Таш — 100 га;

Ошондой эле Шарихан каналынын башынын 19,5 гектары Өзбекстан, калган 19,5 гектары Кыргызстанга таандык болот.

Аны менен бирге Кыргызстанга 1 миң гектар жер алынып, ал Өзгөн менен Сузак райондоруна 500 гектардан бөлүнүп берилет.

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>