Каза болгон орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө 89 миллиард рубль төлөнүп берилди

Каза болгон орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө 89 миллиард рубль төлөнүп берилди

Орус өкмөтү Украинада согуш башталгандан бери каза болгон жана жаракат алган аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация катары 113 миллиард рубль (1,9 миллиард доллар) бөлүп, бүгүнкү күнгө карата 89 миллиар рублин (1,5 миллиард доллар) төлөп берди.

Бул тууралуу «Новая газета.Европа» басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, кенемте болжол менен 15-17 миң орус аскерине же алардын үй-бүлөлөрүнө берилген. Алар мындай жыйынтыкка каза болгондордун жакындарына компенсация катары 9,5 миллион рублден (160 миң доллар), жараат алгандарга 4,5 миллион рублден (76 миң доллар) бериле тургандыгын эске алып, эсептеп чыккандан кийин келишкен. Бул сандарга ылайык, Украинада согуш башталгандан бери Орусия «кол салуу үчүн даярдаган» 150 миң аскердин 10-11% каза болуп же жаракат алган болушу мүмкүн.

«Новая газета. Европанын» маалыматына караганда, Орусиянын Каржы министрлиги компенсация төлөө үчүн каражатты 10-мартта, согуш башталгандан эки жумадан кийин бөлүп бере баштаган. Анда Росгвардияга 1,5 миллиард рубль, Коргоо министрлигине 15 миллиард рубль бөлүнгөн. Бул орус бийлиги расмий түрдө билдирген согуштун алгачкы бир жумасында каза болгон жана жараат алган аскерлердин санына дээрлик туура келет. Анда Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскер өлүп, 1597си жараат алганын кабарлаган. Мекеме 25-марттан кийин орус армиясындагы жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялоону токтоткон.

Журналисттер Украинада аскер кызматкерлери гана эмес, Орусиядан барган жарандык адамдар да каза болуп жатканын билдирүүдө. Маалыматка караганда, оккупацияланган аймактарга ыктыярчылар, медиктер, аткаминерлер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да жөнөтүлүүдө. Алар жарадар болсо 3 миллион рублден, каза болсо жакындарына 5 миллион рублден төлөнүп берилиши керек. Бул үчүн Орусиянын федералдык бюджетинен 300 миллион рубль (5 миллион доллар) бөлүнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>