“Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов 10 жылга эркинен ажыратылды

“Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов 10 жылга эркинен ажыратылды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов 16 жашар кызды зордуктаган деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди 26-май күнү Ош шаардык соту чыгарып, айыпталуучу сот залынан камакка алынган.

Умар Маратов 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоого шектелген. Ага чейин Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринен 23 жаштагы жигитке бычак сайган деп кармалган.

Кийин ал Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованын чечими менен үй камагына чыгарылган.  17-январда президент Сооронбай Жээнбеков судья Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.

Умар Маратов 2020-жылдын январь айында Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисинин сабалышына катыштыгы бар делип кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>