Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдү
Казак парламентинин спикери коронавирус жуктуруп алды
17.06.2020 | 17:26
Казак парламентинин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Казакстан парламентинин мажилисинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө таянып, жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Ага ылайык, спикер учурда карантинге алынган. Ал 14-июнда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдун коронавируска чалдыккандыгы тастыкталгандыктан улам 16-июнда спикер Нурлан Нигматулин коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы оң чыккан.
Билдирүүгө караганда, ага диагноз симптомсуз деп коюлган. Учурда ал коюлган талаптарды сактап, карантинде.
Бирок ага карабастан спикер аралыктан иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом