Казак президенти кыргыз элине куттук айтты

Казак президенти кыргыз элине куттук айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Бул ыйык күн дүйнөнү фашизмден сактап калган элдерибиздин болуп көрбөгөндөй эрдигинин, өзгөчө кайратмандыгынын жана эрдигинин символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды. Бир туугандыктын жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем. Кыргызстандын бардык ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине терең ыраазычылык сөздөрүн айтам”, — деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катында.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>