Казакстан айрым балыктын түрүн экспорттоого тыюу салганы турат

Казакстан айрым балыктын түрүн экспорттоого тыюу салганы турат

Казакстан балыктын айрым түрлөрүн алты айга экспорттоого тыюу салууну пландаштырууда. Бул тууралуу казак бийлигинин токтом долбоорундай айтылаарын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Тоңдурулган, жаңы тоңдурулган же муздатылган балыктын айрым түрлөрүн (сом жана шортан) экспорттоого тыюу салууну киргизүү (Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын коддору (мындан ары — ТНС коддору) ЕАЭБ) 0302891070, 0302720000, 0303240000, 0303891070) ушул буйруктун тиркемесине ылайык алты айлык мөөнөткө», — деп айтылат буйруктун долбоорунда.

Экология министрлиги ишканаларда балык жетишсиз экенин белгиледи.

«Талкуулоодо айтылган чарбакер субъекттердин пикирлерин эске алуу менен, алгачкы этапта алты айлык мөөнөткө Казакстандын аймагынан жаңы тоңдурулган (муздатылган) жана тоңдурулган балыктарды ташып чыгууну чектөө сунушталууда. Анын экспорттогу үлүшү 10%дан аз, бул сом жана шортан балыктарына тиешелүү», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: балык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>