Казакстан ЕККУнун шайлоо боюнча бүтүмүн бир жактуу деп атады

Казакстан ЕККУнун шайлоо боюнча бүтүмүн бир жактуу деп атады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун миссиясынын президенттик шайлоо боюнча билдирүүсүнө реакция жасады.

Казакстан ТИМи ЕККУнун билдирүүсүн калыстыктын жоктугуна айыптады.

«Билдирүүдө ЕККУ үчүн кадыресе болуп калган трафареттүү жана бир жактуу кортундулар камтылып, өлкөбүздөгү ички жагдайды толук түшүнбөгөндүк көрүндү. ЕККУ бюросунун байкоочулар тобу менен анын жетекчилиги Казакстан президентинин өлкөбүздү трансформациялоого, мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделген алдыңы коомго айлантууга багытталган реформаларына каршы ишенимсиз көз карашын ачыктады», — деп айтылат билдирүүдө.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайлоо саясий кырдаалда өткөнү, атаандаштык болбогону жөнүндө бүтүм чыгарган.

21-ноябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев добуш берген шайлоочулардын 81,31% колдоосуна ээ болгон.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаевден башка бул шайлоого катышкан беш талапкердин баары коомчулуктун кеңири катмарына белгисиз. Мындан улам көз карандысыз байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбой турганын белгилешкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>