Ысык-Көлдө эки ирет жер силкинди

Ысык-Көлдө эки ирет жер силкинди

Бүгүн, 22-ноябрда Ысык-Көл облусунда эки ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 03:26да Ысык-Көлдө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле, саат 04:34тө облустун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү болгон (афтершок). Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>