Казакстан коңшу өлкөлөргө КММ экспорттоону караштыра элек

07.07.2026 | 14:08
Казакстан коңшу өлкөлөргө КММ экспорттоону караштыра элек — Новости Кыргызстана

Казакстан азырынча коңшу өлкөлөргө КММ (күйүүчү-майлоочу материалдар) жеткирүүнү караштырган жок. Бул тууралуу 7-июлда өкмөттүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Казакстандын энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаев билдиргенин казакстандык ЖМКлар жазып чыгышты.

«Биз азырынча коңшу өлкөлөргө КММ сатуу, жеткирүү боюнча кандайдыр бир маселелерди караштырган жокпуз», — деди ал.

Анын айтымында, казакстандык рынокто 2026-жылдын аягына чейин КММ тартыштыгы күтүлбөйт, ал эми 2027-жылга карата божомол өндүрүш жана керектөө балансы бекитилгенден кийин түзүлөт.

«Бизде ички өндүрүш (бензинди — ред. эскертүүсү) ички керектөөнү толугу менен жабат. Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын зарыл болгон запасы түзүлдү, ошондуктан биз кандайдыр бир тартыштыкты күтпөйбүз», — деп кошумчалады вице-министр.

Туткышбаев ошондой эле Орусиянын рыногундагы кырдаалдын Казакстанга тийгизиши мүмкүн болгон таасири тууралуу тактоочу суроого да жооп берди.

«Биз мунун таасири тийбейт деп эсептейбиз. Ооба, бул чектеш рынок, бирок биздин ички кубаттуулугубузду эске алганда, биз тартыштыкты күтпөйбүз», — деп белгиледи ал.

Казакстандын бензинин Кыргызстанга жана Тажикстанга жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтсак, Туткышбаевдин билдиргенине караганда, «бизге бул кырдаалда гана эмес, жалпысынан эле ар кайсы өлкөлөрдөн жардам көрсөтүү же коңшу өлкөлөргө КММ жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча кайрылуулар үзгүлтүксүз түшүп турат».

«Дагы бир жолу кайталап кетейин: министрликтин дарегине кайрылуулар түшкөн учурда, биз аларды улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен карап чыгабыз. Биз үчүн биринчи кезектеги милдет — өз жарандарыбызды жана ички рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуу. Жана, албетте, эгерде өз ара пайдалуу шарттарда чектеш өлкөлөргө кандайдыр бир күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болсо, биз аны карап чыгабыз. Бүгүнкү күндө чектеш өлкөлөргө КММ жеткирүү боюнча кандайдыр бир маселелер биздин күн тартибибизде жок», — деп жооп берди Туткышбаев.

Ал биринчи кезекте Казакстандын жарандарын бензин жана дизелдик отун менен камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалады.

«Эгерде биз пайда таба ала турган кандайдыр бир ашыкча көлөмдөр пайда болсо, биз бул маселени иштеп чыгабыз», — деди Туткышбаев.
Scroll to Top